• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулда кылмыштуулуктун алдын алуу иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Токтогулда кылмыштуулуктун алдын алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо максатында профилактикалык жумуштар улантылып жатат. Милиция кызматкерлери түнкү убакыттарда өспүрүмдөрдүн себепсиз көчөдө жүрүүлөрүн көзөмөлгө алып жатышат. Ошондой эле окуучулардын мектептерге негизсиз барбай коюуларын болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташууларга, эрте никеге турууга бөгөт коюу багытында да алдын алуу иштери алып барылууда.

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу боюнча тегерек стол өткөрүлүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Жыйындын жүрүшүндө терс көрүнүштөр орун алган учурда кайдыгер карабастан милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.

Мындан сырткары РИИБдин көчмө кабылдама унаасы аркылуу жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу улантылып жатат. Райондун Комсомол, Каратектир жана Кызыл-Туу айылдарына милиция кызматкерлери бул унаа менен барышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооптор берилип, сунуштары кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий