• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилди. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы № 17 «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана жактырылган.

Белгилүү болгондой, КРнын 2021-жылдын 16-декабрындагы демилгеси колдоого алынып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары тарабынан 2022-жылды «Тоолорду туруктуу ɵнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясы бир добуштан жактырылган.

Кыргыз Республикасы 2019-жылы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясын ишке ашыруу боюнча Париж макулдашуусуна кол койгон жана климаттык милдеттенмелерди өзүнө алган. Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери 2021-жылы климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүү жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттер иретинде, Кыргыз Республикасынын “Улуттук деңгээлде жаңыланган салым” планы катары таризделген.

Жаңыланган климаттык милдеттенмелерге ылайык, Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын “адаттагыдай эле бизнес” сценарийи боюнча – 15,97 %га жана эл аралык колдоо менен 43,62 %га кыскартуу милдетин алат.

Тоолордун экосистемасын коргоо боюнча жол картасы парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу, тоолордун экосистемасын сактоо, Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, климаттык каржылоону тартуу жана илимий практикалык конференцияларды, эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий