• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү концепциясы жана Жол картасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү концепциясы жана Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, документ «Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Эске салсак, 2021-жылдын 14-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы «2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин колдоого алган, бул тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча республиканын маанилүү милдеттерин түшүндүрөт. Ошондой эле Кыргызстандын тоолуу мамлекеттер арасындагы лидерлик ролун жана бул жаатта эл аралык күчтөрдү бириктирүүгө болгон умтулуусун билдирет.

Жол картасын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине Жол картасынын өз убагында жана кынтыксыз аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин адаптациялоо жана жумшартуу, “жашыл” экономиканы жана технологияны өнүктүрүү, өз ара кызматташууну чыңдоо үчүн финансылык механизмдерди түзүү, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында илим жана билимди өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоолуу аймактарда кырсыктардын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттердин жыйындысын колдонушун камсыз кылууга багытталган.

Экинчи тоо саммити 2027-жылы Кыргызстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий