• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тосмодо илинип турган. Чүй каналында адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылынын жанында жайгашкан Чүй каналында адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, суу өткөн тосмодо адамдын сөөгү илинип турат деген маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылган. Алар орус улутундагы болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишинин сөөгүн илинип турган тосмодон алып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий