• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги кар көчкүдөн каза болгон жолчулардын жакындарына көңүл айтат (каза болгондордун аты-жөнү)

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. КРнын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, ведомствонун бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын башчылары жана борбордук аппаратынын кызматкерлери, андан тышкары түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын кызматкерлери кар көчкүдөн каза болгон жолчулардын жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Транспорт министрлигинин жамааты алардын оор жоготууларын тең бөлүшөт.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымындагы кар көчкү тазалоо жана жолду ачуу иштери бүтүп калган учурда болжол менен 21:15 тер чамасында кайрадан көлөмү 8640 м3 болгон кар көчкү түшүп, №23 жол-эксплуатациялык мекемесине тиешелүү болгон Ниссан Пикап маркасындагы унааны, андан тышкары Субари Легаси маркасындагы жеңил унааны басып калып, натыйжада 4 адам каза болгон:

  • Момуналиев Анарбек Ралитбаевич, 1972-жылы туулган, №23 ЖЭМдин Ниссан Пикап унаасынын айдоочусу;
  • Орунбеков Нурбек, №23 ЖЭМдин XG 955жүктөгүчүнүн оператору;
  • Жапаркулов Султангазы Фронбекович, 1969-жылы туулган №23 ЖЭМдин жол кызматкери;
  • Акчабай уулу Курсант, 1996-жылы туулган №23 ЖЭМдин жолдор чебери Мураталиев Акчабайдын уулу.

Мындан тышкары, кар көчкүнүн алдынан “Лексус” маркасындагы унаа чыгарылган, анын ичинде 3 адам болгон (1 эркек, 2 аял), алар жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий