• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

U-23 Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары 8 медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 26.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Бишкектеги 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында сегиз медаль утту.

U-23 Азия чемпионатында Кыргызстандын куржунуна үч алтын, эки күмүш жана үч коло медаль топтолду:

1-орун — Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);

1-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);

1-орун — Мухаммад Абдуллаев (79 кг); 2-орун — Бекзат Алмаз уулу (57 кг);

2-орун — Нуртилек Карыпбаев (86 кг);

3-орун — Икромжон Хаджимуродов (65 кг);

3-орун — Алинур Такиров (74 кг);

3-орун — Каныбек Абдулхаиров (97 кг).

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 184 упай топтоп, экинчи орунга татыды. Ал эми биринчи орунга Казакстан, үчүнчүгө Индиянын курамасы жайгашты.

Эскерте кетсек, 19-26-июнь аралыгында Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өттү.

U-17 Азия чемпионатында кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңсе, U-23 Азия чемпионатында 25 медаль утту. Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий