• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

UFC уюмунун президенти: Макгрегор атаандашы болгон Серронени жеңип, Нурмагомедов менен кайра беттешүүгө ынтызар

Спорт 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун келечектеги пландары менен бөлүшкөндүгүн Чемпионат басылмасы жазат.

Макгрегор учурда 18-январда өтө турган UFC 246 мелдешине даярдык көрүүдө. Ал жарым орто салмактагы америкалык Дональд Серроне менен Лас-Вегаста беттешет.

"Макгрегор каршылашы Серронени жеңип алам деп үмүттөнүүдө. Аны уткандан кийин Нурмагомедов менен тезирээк октагонго чыгууга ынтызар", - дейт Дэйна Уайт.

Эскерте кетсек, ирландиялык мушкер 2018-жылдвн октябрь айында россиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий