• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Украинада боордоштор көрүстөнүнө Ата Мекендик согушта курман болгон кыргыз аскеринин аты түшүрүлдү

Жеңишке 75 0

Бишкек, 1303.20. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгын майрамдоо боюнча кабыл алынган иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги тарабынан кыргыз аскери М.Салакуновдун коюлган жерин аныктоо жана анын аты-жөнүн боордоштор көрүстөнүнө кошуу маселеси иштелип чыккан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

12-март күнү Кыргызстандын Украинадагы элчиси Ж. Шарипов боордоштор көрүстөнүнө М. Салакуновдун атын кошуу боюнча салтанаттуу иш-чарага катышып, көрүстөнгө гүлчамбар коюп, согуш убагында каза болгон жалпы кыргыз жарандарына куран түшүрүлгөн.

Өзүнүн сөзүндө элчи Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын аттарын түбөлүккө калтыруу керек экендигин белгилеген.

Иш-чарага Изюм районунун жетекчиси Л. Шамрай, Долгонькое айылынын жетекчиси В. Карамушко, айылдын тургундары, окуучулар жана Харьков облусунда жашаган кыргыз жарандары катышкан.

Шарипов мектептин музейин көрүп чыгып, окуучуларга украин тилине которулуп, басып чыгарылган "Манас" эпосун, кыргыз эл жомокторун, Ч. Айтматовдун чыгармаларын белекке тартуулаган.

Пикир

Оставить комментарий