• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Украинадагы кырдаалга байланыштуу КР жарандары үчүн ишеним телефондору уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 11.10.22./Кабар/. Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчилиги тарабынан ишеним телефону уюштурулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишеним телефону Украинанын аймагында жашаган кыргызстандык жарандар үчүн уюштурулду, алар консулдук жана укуктук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча кайрыла алышат.

"Элчилик Украинада убактылуу же туруктуу жүргөн Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта. Алдын ала маалымат боюнча, КР жарандарынын арасында жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

КР ТИМи кыргызстандыктарды төмөнкү номерлерге кайрылууну эскертет: Кыргызстандын Украинадагы элчилиги: +380997573413, +380442370346, +380442370348, ошондой эле элчиликтин "WhatsApp" тобу; КР ТИМинин Консулдук кызмат департаментинин ишеним телефону +996 551 312 000 ("WhatsApp").

Пикир

Оставить комментарий