• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улгайган кезде диета кармагандардын өмүрү узарбайт – жаңы изилдөө

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Улгайган кезде курамында углевод бар азыктарды аз өлчөмдө колдонуу ден соолукту жакшыртпайт жана өмүрдү узатпайт. Мындай чечимге Германиянын окумуштуулары келгенин MedicalXpress басылмасы жазды.

Изилдөөнүн жүрүшүндө окумуштуулар жаш жана карыган чычкандарга диета карматкан. Жыйынтыгында 40%га аз тамак берген жаш чычкандар картайганда ден соолугу чың болгон. Ал эми, ошондой эле тамакты картайган чычкандарга бергенде алардын өмүрүнүн узундугу кадимки эле тамак жеген чычкандардыкындай болгон.

Италиялык адистердин айтымында, адам дайыма жаш болууну кааласа жеген тамак-ашына өзгөчө көңүл бурушу керектелет.

Диетологдор эрте картаюуну алдын алуу үчүн тамакка өзүңдүн салмагыңа жараша 1 килограммга 1,1 грамм белок кошуп коюну сунуш кылат. Ал денедеги жетиштүү булчуң массасын сактап турат.

Мындан сырткары, сүт азыктарын жана жашылчаларды колдонуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий