• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк интервенция жасап, 1,1 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн ноябрь айынын эсеби менен онунчу жолу интервенция жасады.

Бүгүн Улуттук банк валюта рыногуна 1 млн 100 миң доллар саткан (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен).

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 25-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий