• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» УХКнын уставдык капиталын жыл ичинде 1 млрд сомго жеткирүү милдети тапшырылды

Экономика 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Финансы министрлигине «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын (УКХ) уставдык капиталынын өлчөмүн 1 млрд сомго чейин жеткирүү милдети тапшырылды.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы No 297 токтому менен Улуттук холдинг компаниясы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» ААК түзүлдү.

Бул токтом менен ишкананын уставдык капиталынын өлчөмү 100,0 млн сомду түзүп, Финансы министрлигине 2022-жылдын ичинде уюштуруучу болуп, коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн 1000,0 млн сомго чейин жеткирүү милдети тапшырылды.

Жогорудагы токтомду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин чечими менен:
- коомдун уставын бекитет;
- уставдык капитал 100,0 млн сом өлчөмүндө аныкталган.

Уставга ылайык, холдингдик компания катары коомдун ишинин негизги түрү болуп, акциялар пакеттери коомдун менчигинде же башкаруусунда турган юридикалык жактарды натыйжалуу башкаруу саналат.

Компания мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендерди жана башка кендерди иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, инвестициялык жана инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу, жаңы технологияларды жана башкаруунун алдыңкы ыкмаларын киргизүү ж.б.

Пикир

Оставить комментарий