• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Устуканды туура тартуунун жол-жобосун билесизби?

Дүр дүйнө 0

Элибизде илгертеден колдонулган салтыбыздын бири, бул куда-сөөк күткөндө, той-аштарда деги эле мейман тоскондо, майрам дасторконуна ар-түрдүү суусундуктар, жер-жемиш, эт, ундан жасалган тамактар коюлуп, сый тамак конокторго устукан тартылып, беш-бармак берүү менен аяктайт.

Кой этинен устукан тартуу салтын мисалга алсак; жиликтелген кой эти казанда, очокто 2-2,5 саатка жакын (2-3 жолу оодарылып), жай кайнатылып бышырылат. Казанга жиликтердин арасынан 2 кар (карлуу) жилик биринчи салынат.

Даяр сорпо чыныларга куюлуп, майда тууралган пияз, ашкөк, мурч кошулуп, устукандарды тартуудан мурда, конокторго таркатылат. Эт тартылаарда кыргыздар дасторконду жаңыртат жана илгертен бери келаткан салтка ылайык жаш балага колго суу куйдуртуп, келген коноктор ага ак тилек батасын беришет.

Коноктор каада-салтка ылайык жаш-курагына же кадыр-баркына, тууганчылыктын даражасына жараша төрдөшүп отурушат. Тартыла турган эт ылайыктуу чара менен алып келинет. Устукандарды тартуу улуу коноктордон башталып, улуу аксакалга жамбаш, кийинки сакалдуу конокторго - жото (чүкөлүү) жилик, андан кийинкилерине – кашка жилик тартылат.

Койдун кол этинен кар жилик – жолдош жигиттерге, далы – аялдарга тартылат. Койдун бышкан башын тартуу кой сойгондуктун белгиси болуп саналат. Аксакалдарга – койдун башы, жамбаш же жото жилик менен кошо берилсе, кудагый, улуу байбичелерге – куймулчак (майлуу куйрук), кыз-келиндерге – төш тартылат. Карчыга менен омуртка муундарга бөлүнүп, жиликтер менен кошо тартылат. Куймулчак тийген эне куймулчактын майын тилимдерге бөлүп, жанындагы конокторго ооз тийгизет. Кыргыздарда эт жеш илгертеден бери келаткан өзүнчө маданиятты билдирип келет. Баш тийген конок баштын куйкасын маңдай тиле бөлүп, бир жагын тилимдеп туурап, чыныдагы чыктуу сорпого чылап, жанында отурган конокторго ооз тийгизет. Көздүн бирөөсүн оюп алып, көздөшүп жүрөлү деп, көңүлү жакын адамдарына сунат. Койдун башынын калган жарым куйкуму, бир көзү менен кошо, устукан катары кичүүлөргө сунулат. Ал эми козунун башы бир эле дасторкон үстүндө мүлжүлүп, мээси алынып, тууралган этке чык менен аралаштырылып, бешмармакка кошулат.

Этти майда тууроо милдетин жаштар (жигиттер) аткарат. Майда тууралган этке чык кошулуп (чыкталып), кол кесме менен аралаштырылып, даамы чыгарыпып, жегиликтүү кылынат. Бешбармак даярдап жеш элибизде илгертеден бери колдонулуп келе жаткан улуттук салт:

Тактоо:

  1. Койдун башы бышырардын алдында отко этичттык менен куйкаланып, жуулуп, жаагы менен тилинен ажыратылат.
  2. Тартылган устуканды коноктор бир аз жеп, калганын алып кетип, өздөрүнүн жакын адамдарына, туугандарына той тууралуу үлгү сөз айтып, ооз тийгизишет.
  3. Устукан тартуу Кыргызстандын ар кайсы аймактарында ар түрдүүчө. Мисалы - кээ бир аймактарда баш улууга тартылса, башка аймакта - кичүүгө берилет. Баш сыйлуу конокко тартылса, ал кабырга же башка бир сөөктүү устукан менен коштолот. Көбүнчө сыйлуу конок тартылган башты бир аз мүлжүп, кулак, көзүн бөлүшкөн соң калганын үйдүн кичүү баласына жэ башка бир жашыраак конокко карматат.
  4. Бешбармак жасалганда кээ бир аймактарда куюла турган чыкка пияз аралаштырылса, башка аймакатрда таза сорпо гана колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий