• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Веткызмат Бишкектеги массалык ууланууга байланыштуу текшерүү жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Ветеринардык кызмат Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тез татым коомдук тамактануучу жайларында келип чыккан жарандык массалык ууланууга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, Ветеринардык кызмат тарабынан Экономика министрлиги менен 109 субъектиге пландан тышкары текшерүү жүргүзүү макулдашылып, бүгүнкү күндө 83 субъектиге текшерүү жүргүзүлдү, анын ичинен:

- Бишкек шаарынан 60 субъект,

- Чүй облусунан 23 субъект.

Текшерилген субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы 108 миң 500 сом айыппул салынды.

Мындан сырткары, республика боюнча 350 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана эт азыктарынан үлгүлөр алынып, Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий