• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Военно-Антоновка айылында темир жол боюнан өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Күн мурун Чүйдүн Военно-Антоновка айылында темир жол боюнан өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 29-апрелде милиция бөлүмүнө Военно-Антоновка айылындагы темир жолдон баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, өспүрүм 16 жаштагы К.Р., аттуу бала экендиги аныкталган.

Аталган факты каттоого алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий