• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө бильярд боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө кыз-келиндер жана эркектер арасында бильярддын эркин жана динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Мелдеш 16-20-июлда Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы “Газпром” комплексинде болду.

Эркектер арасындагы жарыштын финалында Россиянын спортчусу Ливада Никита өзүнүн мекендешин Гузов Ростиславды 6:4 эсебинде утту. Коло медалды кыргызстандык Дастан Лепшаков жана Ызат Ратбеков алды.

Кыз-келиндер арасында биринчи орунду россиялык Диана Миронова, экинчини дагы россиялык Элина Нагула, үчүнчү орунду беларустук Е.Перепечаева жана россиялык Д.Михайлова алды.

Чемпионаттын жалпы байге фонду 1 млн 350 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий