• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция жана куткаруучулар чехиялык туристтерге жардам көрсөтүштү

Аймак 0


Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары чехиялык туристтердин аскадан жоголгон баштыгын табууга жардам беришти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-августта Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Чехиянын жараны Петр Пидима кайрылып, документтери салынган баштыгын табууга жардам сураган. Ал сүйлөшкөн кызы менен Ак-Суу районунун Ала-Көл аймагына бара жатып өтө коопту аскалуу аймакка туш келишкен. Жаралган көйгөйдөн улам жана өзүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн рюкзагын аскадан ыргытууга мажбур болгонун, андан кийин алар рюкзакты өз алдынча табууга аракет кылышып, бирок андан жыйынтык болбогонун билдирген.

Туристтин айтымында, рюкзакта алардын чет элдик паспорттору, кредиттик карталары, акча каражаттары жана жеке буюмдары болгон.

Билдирүү боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери кайрылган туристтер менен бирге рюкзак ыргытылган жерге барышкан.

Ошентип, ӨКМдин аймактык куткаруучулары жардамга тартылып, алар 2 саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө аскалуу тоо кыркасынын жетүүгө кыйын жеринен рюкзакты таап, ээлерине кайтарып беришти.

Пикир

Оставить комментарий