• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдүн түбүнөн 3 миң метр тор жана 12 кап желим бөтөлкө чыгарылды

Аймак 0


Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милициясы көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазалоого көмөктөшүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июндан 15-июнга чейин Түп районунун Николаевский булуңунда, Балбай, Күрмөнтү жана Фрунзе айылдарына жакын жерде тазалоо иштери жүргүзүлдү.

“Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун суучулдары жана милиция кызматкерлери эки күндүк иш учурунда көлдүн түбүнөн узундугу 3 миң метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу эски торлорду жана 12 кап желим бөтөлкө алып чыгышты.

Чогулган таштандылар кайра иштетүү үчүн Балыкчы шаарындагы жеке ишканага өткөрүлүп берилди.

Милициядан белгилегешкендей, элдин кайдыгерлиги Ысык-Көлдүн экологиясынын бузулушуна алып келүүдө.

“Эс алуучулар таштандыларды таштап кетишет, ал эми жергиликтүүлөр балык кармагандан кийин торлорду тазалабай, көлгө ыргытып жиберишет. Мунун баары көлдүн экосистемасынын табигый процесстерин бузат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий