• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Учурда өлкө боюнча 300 миң адам күрөш менен машыгат — Турганбаев

Спорт 0

Бишкек, 16.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Учурда өлкө боюнча 300 миң адам күрөш менен машыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, союз тарагандан кийин көптөгөн спортчулар өлкөдөн чыгып кетишкен.

“Андан бери бир топ иштер аткарылды. Учурда мамлекет тарабынан дагы көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 300 миң адам күрөш менен машыгат. Беш жыл мурун 80 миң эле адам болгон. Азыр Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулук дагы көңүлүн бурууда”, - дейт ал.

Турганбаев кошумчалагандай, Кыргызстан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде бешинчи орунда турат.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты бир учурда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий