• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында бир катар уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобекеттерде күнүгө каттамга чыгуунун алдында транспорттук каражаттардын кышка болгон даярдыгы, алардын техникалык абалы жана жабдылышы текшерилүүдө. Ошондой эле айдоочулар менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп келүүдө.

"Облустун аймагындагы автожолдор толугу менен изилденип, тайгалак болгон жана муз каптаган тилкелер аныкталып, аны жоюу боюнча көрсөтмөлөр тийиштүү жол чарбаларына жиберилди. Учурда аталган тилкелерде жол кырсыктарын болтурбоо боюнча аракеттер колго алынууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий