• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үзүр Жузупбеков Азия чемпионатында күмүш медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды.

Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Ал кореялык жана казакстандык балбанды утуп, жарым финалда Индиянын өкүлүн 9:0 эсебинде жеңип алды.

Финалда кыргыз балбаны ирандык Мехди Мохаммад Балихамзехдеге 4:7 эсебинде жеңилип, күмүш медалга илинди.

Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий