• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстан быйыл рекорддук көлөмдө картошка импорттоду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Өзбекстан 2021-жылдын 1-январынан 20-декабрына чейин 516,2 миң тонна картошка импорттоду. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 23 пайызга көп.

Өлкөнүн Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги декабрь айында эле Өзбекстан 60,4 миң тонна картошка импорттоонун кабарлады.

2016-жылы Өзбекстан болгону 50 миң тонна картошка сатып алган.

Республиканын Айыл чарба министрлиги 2022-жылы картошка аянтын 122 миң гектарга көбөйтүүнү пландоодо. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 40 пайызга көп.

Өзбекстандын Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо агенттиги маалымдагандай, быйыл өлкө негизинен картошканы Россия, Казакстан, Пакистан, Иран жана Кыргызстандан сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий