• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан менен Казакстан ортосунда жаңы аба каттамдары ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Самарканд менен Алматы, Ташкент менен Түркстан ортосунда ырааттуу аба каттамдары ачылды.

Расмий маалыматка караганда, жаңы каттамдарды уюштурууга эки өлкөнүн авиациялык администрациялары быйыл май айында макулдашкан.

Самарканд-Алматы-Самарканд каттамын “Өзбекстан аба жолдору” жана Air Astana авиакомпаниялары жумасына эки сапар аткарат.

Түркстан-Ташкент-Түркстан каттамдарын Air Astana авиакомпаниясынын курамына кирген Fly Arystan авиакомпаниясы уюштурат.

Мартта казакстандык SCAT компаниясы Актау-Ургенч-Актау багыты боюнча ырааттуу каттамдарды ачкан.

Пикир

Оставить комментарий