• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 100 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Өзбекстанда 30-майда коронавирусту жуктурган 211 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 100 миң 335 адамга жетти. Ал эми 95 миң 993 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 690 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 1-апрелден тарта калкы коронавируска каршы эмдөө башталган. Учурда өзбекстандыктар AstraZeneca, Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutica жана “Спутником V” вакциналары менен эмделүүдө.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда COVID-19 вакцинасынын 2 миллиондон ашык дозасы колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий