• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 23,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 23 миң 558 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 686 жаңы учур катталды. Ал эми 743 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 13 миң 680 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 137 бейтап каза болду. 9 миң 741 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 436 адамдын абалы оор болсо, 181инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий