• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зергер жана Жалпак-Таш айыл аймактарында жабыркагандарга жардам көрсөтүү улантылууда

Коом 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Өзгөн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 29-апрелиндеги Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жэер көчкүдөн жапа чеккен жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү, текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Башкармалыктын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөлөр менен жана балдар менен өз алдынча иштөө пландары иштелип чыгып, раймамадминистрациянын алдындагы балдар иштери боюнча Комиссиянын кароосуна берилди.

Учурда бул пландар Комиссия тарабынан кыйын шарттарда калган 11 үй-бүлө жана 18 балага карата бекитилген. социалдык төлөмдөрдү тиешелүү тартипте дайындоо үчүн өздүгүн аныктаган документтерди калыбына келтирүү, ошондой эле, балдарды убактылуу ар кандай балдар үйлөрүнө жайгаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ошону менен катар Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылында жер көчкүдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий