• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы окуу жылына карата Кочкор районунда 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Ара-Көл айылында 150 орундуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов аталган мектептин курулуш иштери менен таанышып, сапатын текшерип жүрөт.

Белгиленгендей, мектеп жаңы окуу жылына карата бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий