• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад мэри ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин окуучулары Иордания мамлекетинин Амман шаарында жаштар арасында өткөн спорттун бокс түрү боюнча Азия чемпионатында коло медалды багындырышкан.

Ийгилик менен кайткан 75 кг салмактагы Закиров Мухаммадазизди, 46 кг салмактагы Зафарбек Камиловду жана алардын машыктыруучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев кабыл алып, спортчуларды ийгилиги менен куттуктады.

Шаар башчысы өз сөзүндө жергиликтүү бийлик өлкөбүздүн желегин желбиретип, дүйнөгө таанытып жаткан спортчуларды ар дайым колдоп келерин, мындай иш-аракет алдыда улантыларын белгиледи.

Жаш спортчуларды Марат Шамаматов жана Акмат Азимов машыктырып келет.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатка Жалал-Абад шаарынан жалпы 4 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий