• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясында 3 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында 2022-жылдын I чейрегинин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев, ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Ыкчам кеңешмеде ушул жылдын 3 ай аралыгында аткарылган жумуштардын ийгиликтери менен утурлай кемчиликтери да каралып, мүлккө байланыштуу жана өзгөчө оор кылмыштарга көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле толук кандуу иш алып баруу үчүн өздүк курамга жакшы шарттарды түзүү керектигине токтолуу менен бир топ ШРИИБдин жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Ошону менен катар, Ашим Тагаев жетекчилерге кайрылып, жер-жерлерде жарандарга сылык мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүп, арыз-доо жана ар кандай көйгөйү менен келген жарандардын маселесин жеринде, өз убагында, мыйзамдын алкагында жана кылдат көңүл коюу менен чечилишин талап кылды.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында чечим кабыл алынып, анын негизинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо кетирилген кемчиликтери үчүн – шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн 2 башчысына жана 5 жетекчи орун басарларына тартиптик жазалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий