• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда жаш жоокерлер аскердик ант берди

Аймак 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. 12-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы № 704 аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күзгү чакырылыштагы жаш аскерлердин ант берүү аземине Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, № 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, ардагерлер, жоокерлердин ата-энелери катышты.

Ант берүү аземинде төрага жоокерлерге, "эл-жерди коргоодо, аскердик милдетти так аткарууда жана кынтыксыз кызмат өтөөдө жоопкерчиликтүүлүк башкы милдет" экенин баса белгиледи. Ал эми ата-энелер мындагы аскер бөлүктө жоокерлер үчүн жасалган бардык шарттар көңүл жылытарлык экенин айтышты.

Андан соң, жаш жоокерлер тарабынан бир айлык окутуунун жыйынтыгы менен даярдалган машыгуулар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий