• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Сузакта 400гө жакын жашоочу менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кечээ, 17-апрелде Сузак районунунда президенттин облустагы өкүлүнүн кезектеги жолугушуусу өтүп, 400гө жакын тургун катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл аймактардан негизги көйгөйлөрдөн мектеп жана бала бакчанын жетишсиздиги көтөрүлдү. Билим берүү сапатынын төмөндүгү, бир катар имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан сырткары, жолдордун начардыгы, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жерлерди трансформациялоо, жайыт маселелери айтылды. Жолугушууда өткөн жылы Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылындагы үйлөрүн сел алган жарандар башка аймакка көчүү үчүн белгиленген жерди трансформациялоо маселеси менен кайрылышты. Облус башчысы үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн каралган аймак алгач толук изилденээрин, анын жыйынтыгы менен гана чечим кабыл алынаарын айтты.

Жолугушууда жарандар жеке маселелери менен да кайрылышып, өкүл ар бир көйгөйдүн айланасында объективдүү жыйынтык чыгарылаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий