• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын "Жеңиш" эс алуу багында 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерүүдө каза болгондорго багышталып куран окулуп, орнотулган эстеликке гүл коюлду. Аны менен бирге эгемендик алган жылдардан кийинки террордук согушкерлер менен Кыргызстандын аскерлеринин 24 жыл мурунку кармашуусу–өз милдетин абийирдүүлүк, кайратмандык менен аткаруунун бийик үлгүсү болгонун белгилешти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов, жергиликтүү бийлик, Баткен окуясынын ардагерлери жана курман болгон жоокердин жакындары катышты.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунан Баткен коогалаңына 2 миңден ашуун жоокер тартышкан. Тилеке каршы террорчулар менен болгон кагылышууда облусутан барган 17 жоокер баатырларча курман болгон. Дагы 20га жакыны жараат алган. Учурда облуста 870 ардагер жашайт.

Пикир

Оставить комментарий