• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-өзбек аскерлери биргелешип машыгуу өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Үстбүздөгү жылдын 23-октябрынан 4-ноябрына чейин кызматташтык мерчеминин негизинде Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери Өзбекстандын Улуттук гвардиясында өтүп жаткан атайын багыттагы аскерлеринин биргелешкен атайын-тактикалык сабактарынын жана тренингдерине катышууда.

КР Улуттук гвардиясынын маалыматына караганда, бир жума ичинде аскер кызматчылар атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарынан өтүшөт.

"Атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдык, ок атуу, байланыш боюнча сабактар жана башка сабактар уюштурулуп, ал эми инженердик-сапердук түзүмдөрү атайын даярдык сабактарынан өтүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий