• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда дем берүүчү гранттын эсебинен 6 соцобъект оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында дем берүүчү гранттын эсебинен 6 социалдык объекти оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, гранттын эсебинен Жалал-Абад шаарындагы №16 “Ромашка” бала бакчасынын айнек-терезелери алмаштырылып, эки бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ал эми №8 “Теремок”, №19 “Колокольчик” бала бакчаларынын айнек-терезелерин алмаштырылып, №19 бала бакчанын азык-түлүк сактоочу кампасы оңдолуп жатат. Мындан сырткары №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айнек-терезелерин алмаштыруу, фасадын жаңылоо, №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана №8 мектептин имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары жүрүп жатат.

Күн мурун, 26-июлда шаар мэринин орун басары Айбек Жолдошев аталган курулуштардын жүрүшү менен жеринде таанышып, куруучуларга жана тиешелүү адистерге курулуштун сапатына көңүл буруу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында дем берүүчү гранттын эсебиненжүргүзүлүп жаткан курулуштардын сметалык баасы 19 млн 704 миң 804 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий