• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда калктуу конуштардын 74%ы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган

Аймак 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 448 калктуу конуштун 74% ы жогорку ылдамдыктагы интернет-байланыш менен камсыздалган. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов Көк-Жаңгак шаарындагы Ломоносов атындагы №6 орто мектебинде Digital CASA-KR долбоорун ишке ашыруунун презентациясы учурунда билдирди.

Ал ошондой эле мамлекеттик тапшырык боюнча "Кыргызтелеком" ААКнын Жалал-Абад облустук филиалы Digital CASA-KR долбоорунун алкагында бул аймактагы була-оптикалык байланыш линияларынын бар болгон аймагын кеңейтип жатканын кошумчалады.

Замирбек Кожомуратов белгилегендей, азыркы учурда мамлекет Кыргызстандын региондорун сапаттуу, үзгүлтүксүз жана жогорку ылдамдыктагы интернет-байланыш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда.

"Долбоордун максаттарына жетүү үчүн бүткүл республика боюнча жаңы Була-оптикалык байланыш линиялары салынууда, 2023-жылдын II кварталынын аягына карата жалпы узундугу 48165 километр була-оптикалык байланыш линиялары тартылды", - деп белгиледи ал өз сөзүндө.

Digital CASA-KR долбоорунун техникалык координатору Азамат Давлеталиев белгилегендей, эки жылдын ичинде кеңири интернет менен камсыздоо боюнча 212 калктуу конуш 10 Гбит/c катышуу түйүнү катары долбоорлонгон жаңы бөлүштүрүү түйүндөрүн жана мектептер, медициналык мекемелер, китепканалар сыяктуу 1432 мамлекеттик социалдык объектилерди, буга чейин мындай туташуу болбогон объектилер сапаттуу интернетке кошулушат.

"Ошондой эле интернет кызматы 2450 социалдык мекемеге жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлөт, бул жалпысынан 3882 объектти түзөт. Республика боюнча 2500 км ашык оптикалык була кабели тартылат, ошондой эле 2 жаңы чек ара байланыштары уюштурулат, бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, коңшу өлкөлөр менен Орто Азия регионундагы интеграцияны жакшыртат жана тармактын корголушун жогорулатат. Тармактын модернизациясы 30 жаңы байланыштары бар магистралдык байланыш линияларынын деңгээлиндеги объектилерге DWDM/MPLS технологиясынын негизинде 200 Гбит/сек чейин өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет", - деп белгиледи Давлеталиев өз сөзүндө.

Давлеталиев кошумчалагандай, географиялык жактан алыс жайгашкан көп сандагы объекттерге байланыштуу болгон кыйынчылыктарга карабастан, бүгүнкү күндө бүткүл өлкөнү камтыган заманбап санариптик транспорттук инфраструктураны түзүү боюнча жарандык-укуктук долбоорду ийгиликтүү динамикалуу ишке ашырууну белгилөөгө болот. Азыркы учурда бул долбоордун алкагында тармактын 128 түйүнүнүн 212 элементи, 1432 мамлекеттик социалдык объектилердин 448и кошулган жана Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча 1200 км ашык опто-була кабели орнотулган.

Маалымат иретинде: Digital CASA-KR долбоору мамлекеттик маанидеги долбоор болуп саналат. Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы телекоммуникация тармагындагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири. Долбоордун негизги максаты-республиканын бардык алыскы райондорунда кең тилкелүү маалыматтарды берүүнү жана жогорку ылдамдыктагы Интернетти өнүктүрүү болуп саналат.

Долбоордун подрядчылары болуп "Кыргызтелеком" ААКнын жана "Элкат" ЖЧКнын эки компаниясынын Консорциуму саналат, ал компаниялар ачык эл аралык конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий