• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таластын Боотерек айылындагы жаңы мектептин курулушу 70%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боотерек айылындагы 150 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 70%га аяктады болууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан ички жана сырткы шыбактар, полдорду байлоо, сантехникалык, жылытуу иштери жана терезе блокторун орнотуу жумуштары аяктады. Учурда ички жасалгалоо, сырткы дубалдарын жылуулоо жана желдетүү иштери жүрүп жатат.

Белгилесек, долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга бардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика сабактары боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Эскерте кетсек, аталган объектинин курулушу 2020-жылдын март айында Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен башталган. Бул объекттин сметалык наркы 780 569 АКШ долларын түзгѳн. Келишимге ылайык, курулуш иштери 2022-жылдын жазында бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий