• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн жерде эки адам изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн жерде эки адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ечээ, 16-февраль күнү болжол менен саат 01:30дар чамасында "Mercedes-Benz" спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган.

Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган.

"Саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу бүгүн, 17-февраль күнү Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыгып, Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий