• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү убактылуу токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын суукташына байланыштуу "Узтрансгаз" жана "Кыргызнефтегаз" ишканалары тарабынан Жалал-Абад шаарына берилип жаткан газдын басымы төмөндөп, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына газ жетпей жатат. Мындан улам "Жалалабатгаз" ишканасы шаардагы коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту.

Белгиленгендей, газдын басымы жогорулгандан кийин, газ берүү кайрадан уланат.

Пикир

Оставить комментарий