• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен активдүү текшеришүүдө

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 04.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 16-августунан баштап «Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшер!» аттуу Улуттук маалыматтык кампания жүрүп жатат.

Кампаниянын башкы максаты – жарандарды 2017-жылдын 30-сентябрына чейин шайлоочулардын тизмесинен текшерүү керектигин маалымдоо.

2017-жылдын 16-августунан 3-сентябрына чейин форма 2 жана 3 боюнча жалпы 18 115 арыз келип түшкөн. Алардын 85% катталган дареги боюнча эмес, жашаган жерине ылайык добуш берүүнү каалаган шайлоочулардан №2-форма боюнча кайрылышкан.

Арыздардын басымдуу бөлүгү Ош шаарына – 4 885, Ош облусуна – 4 235 жана Жалал-Абад облусуна – 1 399 туура келет.

Ысык-Көл облусунда – 1 142, Чүй облусунда – 742, Баткен облусунда – 630, Бишкек шаарында – 144, Талас облусунда – 123 жана Нарын облусунда – 46 шайлоочу арыз менен кайрылган.

Бишкек шаарында ачылган кошумча участоктор боюнча – 4 322 кайрылуу катталган.

Борборшайлооком эгерде шайлоочу тизмеден өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды жана так эместикти тапса, №3-формасында арыз толтуруп, өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуусу керектигин эскертет.

Эгерде шайлоочу башка шайлоо участкасынан добуш бергиси келсе, (катталган жери боюнча эмес, шайлоо дареги боюнча) 30-сентябрга чейин №2-формасында арыз жазып, тийиштүү шайлоо участкасына кайрылуусу зарыл.

Биометрикалык каттоодон өтүүгө үлгүрбөй калган КР жарандары жашаган жерлери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан тактай алышат.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын call-борборундагы 119 номери боюнча телефон чалып, (чалуу бекер) же ПИНди көрсөтүү менен 119 номерине СМС билдирүү жиберсе (14-жеке идентификациялык номер) өзүңүздүн участкаңыздын номери жана дареги көрсөтүлгөн жоопту аласыз. (СМС билдирүү бекер).

Бардык суроолор боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына кайрылса болот (312) 660240.

Пикир

Оставить комментарий