• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштардагы шахматка болгон кызыгууну кантип ойготуу керек? – эл жазуучусунун пикири

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Кабар” агенттигинде журналист Болотбек Жумабаевдин “Шахмат залкарлары” аттуу китебинин бет ачары өттү. Анын жүрүшүндө кыргызстандыктардын бул оюнга болгон мурдагыдай кызыгуусун кайтарууга жөндөмдүү идеялар талкууланды.

Кыргызстандын эл жазуучусу, “Байчечекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов шахматтын тарыхына кайрылып, 40 жыл мурунку Кыргызстандын шахмат дүйнөсү менен болгон тыгыз байланышын эстеди.

“Биз өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүшүбүз керек. Грузияда, мисалы, шахмат ойноо салтка айланган. Кыз турмушка чыгып жатканда ага сеп катары ата-энеси Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” китебин жана шахмат берет. Биз деле алардан ушул салтын үйрөнүп, кыздарыбыздын себине “Манас” эпосун жана шахматты берсек болмок”, - деди жазуучу.

Ал аталган салтка байланыштуу Грузияда шахмат ойногонду билбеген адамды жолуктуруу кыйын экендигин айтты. Ошондой эле жаңы чемпиондорду тарбиялоо максатында мектептин базасында шахмат боюнча секцияларды, клубдарды түзүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий