• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанда Санариптик кодекс толугу менен иштелип бүттү

Коом 0


Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда Санариптик кодекс толугу менен иштелип бүттү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

“Сиздерге жакшы кабарым бар. Санариптик кодекс толугу менен иштелип бүттү. Кыргызстан дүйнөдө Санариптик кодексти иштеп чыккан алгачкы өлкө болду. Бул тарыхый окуя. Бул мазмуну боюнча өзүнө окшобогон эрежелерди камтыган уникалдуу документ. Санариптик кодекстин максаты – санариптештирүү процессин тездетүүгө жана экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө боло турган бардык санариптик ченемдерди бир расмий документке топтоо болуп саналат ”, - деп белгиледи министр.

Анын айтымында, Санариптик кодексти толук ишке ашыруу абдан оор жана көптөгөн эмгекти талап кылган иш.

“Алдыда бул документти ишке ашыруу жана жарандарыбызды санариптик сабаттуулукка үйрөтүү сыяктуу жоопкерчиликтүү жумуштар бар. Мен ишенем, биздин биргеликтеги жумушубуз өз жемишин берет.

Бардыгыңыздарды биздин министрликтин сайтында жайгашкан Санариптик кодекстин редакциясы менен таанышууга чакырам, сунуштарыңыздарды күтөм”, - деди Иманов.

Пикир

Оставить комментарий