• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев Армения элчиси Армен Гевондянды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Атап айтканда, ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын бардык спектрлери боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий