• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Европа парламентинин Төрагасы Антонио Таяни менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарындагы Европа институттарына жумушчу визитинин алкагында Европа парламентинин Төрагасы Антонио Таяни менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда өнөктөштүктү жана демократиялык өнүгүүнү тереңдетүү максатында Кыргызстандын Европа парламенти менен кызматташуусунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн ЕС менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тышкы саясатындагы артыкчылыктарынын бири экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандагы шайлоо процессине, тактап айтканда эл аралык байкоочулардын жакшы баасына татыктуу болгон заманбап биометрикалык технологиялардын пайдаланылышын токтолду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти катары өлкөнүн демократиялык өнүгүшүн бекемдөөнү улантып, мамлекеттин укуктук негиздерин, анын ичинде сот системасын, адам укуктарын коргоону бекемдөөгө күч аракетин арттыра берээрин баса белгиледи.

Президент Кыргызстан парламенттик системадагы өлкө катары демократиялык кайра түзүүлөрдү ийгиликтүү ишке ашыруу максатында ЕС менен парламенттер аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар экендигин баса белгиледи.

Европа парламентинин Төрагасы Антонио Таяни парламенттик системаны чыңдоо боюнча Кыргызстандын позициясын колдоорун баса белгиледи. Ал Кыргызстан өнүгүүнүн туура жолунда баратат деген пикирин билдирип, бул багыттагы жетишилген натыйжаларды сактап калуунун маанисин белгилеп, Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстерине жакшы баа берди.

Антонио Таяни Кыргызстан Европарламенттин Борбор Азияга тиешелүү бардык демилгелеринин активдүү катышуучусу болуп саналаарын канааттануу менен белгиледи. Европарламент Кыргызстандын парламенти менен өнөктөштүк байланыштарын тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий