• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Белгиленгендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий