• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүү билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен КР Президенти судьялык кызматка 7 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчысы 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 7 талапкер боюнча КР Президентинин жарлыктары кабыл алынган.

Биринчи Жарлык менен тандалып алынган 7 талапкер КР Конституциясында белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:

Абдуллаев Болотбек Абдырахманович;

Архарова Кымбат Кадыровна;

Жаналиев Бекболот Болотбекович;

Жээнбекова Альбина Бакеновна;

Жогоштиева Аида Токтосуновна;

Назаров Дамирбек Дүйшоевич;

Эсенбаев Нурлан Бердибекович.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий