• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Түнкү стационарларга 300гө жакын адам кайрылган

Коом 0

Бишкек, 15.07.20 /Кабар/. Түндө Бишкекте ачылган эки түнкү стационарга 282 шаар тургуну медициналык жардам сурап кайрылган, анын ичинен 83ү ийне сайылса, 197сине кеп-кеңеш берилген. Бир жаран ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, бир аял 7-кичи райондогу стационарга жетпей жолдо каза болуп калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, стационарлардын бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан, бул жакта 120 орун бар. Экинчиси болсо Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" ресторанында жайгашып, мында 100 орун даярдалган. Иш убактысы: кечки саат 9:00дөн эртең мененки саат 9:00гө чейин.

Түнкү стационарлардын ишине 9 дарыгер, 15 медайым, 4 санитар жана 5 ыктыярчы тартылган. Шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн атайын мобилдик дарыканалар ачылган.

Мэриядан кошумчалашкандай, бул стационарларда алгачкы медициналык жардамды жашаган жерине карабастан бардык жарандар, ошондой эле Чүй облусунун жашоочулар да ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий