• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүздө юстиция үйү ачылат

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда юстиция үйүнүн курулушуна капсулаларды салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, юстиция үйүнүн курулушту 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Юстиция үйүн түзүү юстиция органдары тарабынан калкка мамлекеттик тейлөө көрсөтүү координацияланышына мүмкүндүк берет. Юстиция үйлөрүндө мамлекеттик нотариалдык контора, калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борбор жана пробациянын аймактык органы жайгаштырылат.

Бул иш-чарага юстиция министринин орун басары Орозбек Садыков, Жети-Өгүз районунун акими Руслан Мейматкулов, юстиция жана пробация органдарынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

Ушул сыяктуу Юстиция үйлөрү бүтүндөй Кыргызстан боюнча курулуп жатканын эскерте кетели.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр жана Ала-Бука шаарларында жайгашкан имараттардын курулушу бүгүнкү күнгө бүтүп, пайдаланууга берилди.

Калган объекттерде (Талас облусунун Манас районунда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Нарын облусунун Жумгал районунда жана Ош облусунун Кара-Суу шаарында) курулуш жүрүүдө жана 2021-жылдын аягына чейин аяктоо пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий