• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Жибек жолу” тоо жарышына бир эле кыргызстандык кыз катышат

Спорт 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. “Жибек жолу” тоо жарышына Кыргызстандан бир эле кыз катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 18-августтан 1-сентябрга чейин Кыргызстанда биринчи жолу “Жибек жолу” аталышындагы тоодогу велосипед менен жарыш өтөт.

Белгилүү болгондой, жарышка 26 өлкөдөн 95 спортчу катышат. Казакстан, Голландия, Ирландия, Финляндия, Франция, Норвегия, Швейцария, Түштүк Африка, Австрия, Германия, Индия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышары күтүлүүдө.

“Кыргызстандын атынан катышуу үчүн 27 жаштагы Гүлбара Оморова аттуу кыз гана билдирүү жиберди. Кабыл алуу уланып жатат”, - деди Жаманкулов.

Жарыш Бишкек-Токмок-Нарын-Соң-Көл-Ысык-Көлдүн түштүк жээги - Кемин жолунда болот.

“Жарыш өтө турган жер өтө татаал жол. Бардык катышуучулар бир күндө 120 чакырымды басып өтүшү керек болот”, - деп билдирди долбоордун автору Нельсон Трис.

Пикир

Оставить комментарий