• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК делегациясы Венада өткөн ЕККУ ПАнын кышкы жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Жыйын жүрүшүндө кыргыз делегациясын жетектеп барган КСДП парламенттик фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов Парламенттик ассамблеянын катышуучуларын 2018-жылдын 3-6-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйынына катышууга чакырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, делегация мүчөлөрү ЕККУ ПАнын төрагасы Г.Церетели менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды арттыруу жаатында пикир алышты. Депутат Иса Өмүркулов ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын Бишкек шаарында өтүшү Кыргызстан эле эмес, бүткүл Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн чоӊ окуя боло турганын, ал аймактагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө жаатында жасаган дагы бир кадам болорун баса белгиледи.

Ал эми ЕККУ ПАнын төрагасы Г.Церетели Эл аралык катчылык күзгү жыйындын ийгиликтүү өтүшү боюнча колдон келген жардамын аябай турганын белгиледи.

ЕККУ ПАнын кышкы жыйынына катышуу алкагында кыргыз делегациясы Вена шаарындагы элчиликтин көмөгү менен Ховбург конгресс-борборунда Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган көргөзмө өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий