• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКга шайлоо. БШК партиялардагы талапкерлердин санын 54кө чейин чектеди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Алдыдагы парламенттик шайлоодо бир партияда талапкерлердин тизмесине чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бир партияда талапкерлердин саны 54төн ашпашы керек. “Мурда партиялардагы талапкерлердин саны 200 адамга чейин болчу. Алардын арасында шайлоо учурунда убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон кызматкерлер дагы бар болчу. Бул административдик ресурс колдонууга алып келген. Ошондуктан биз тизмеде депутат болууну каалагандар гана болушу керек деп эсептейбиз. Анткени, 200 талапкердин арасынан чындап депутат болууну каалагандар 30-40 эле адам, калгандарына кызматтар берилип келген”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий